Menu

Тимур Саралаев: “Учурда Кыргызстан профсоюздар федерациясы адам укуктарын одоно бузуп, тебелеген жабык уюмга айланды”

Бөлүшүү:

Табияты боюнча эмгекчилердин укуктарын коргой ала турган бирден-бир уюм бул профсоюздар, алар тарыхта чоң изин калтырып, коомго бир топ өзгөрүүлөрдү кылышты, ошону менен бирге мурунку учурларда Кыргызстандын профсоюздары дагы карапайым адамга дайым тирек-жөлөк болчу эле. Азыр алар кандай болуп калганы боюнча профсоюздар боюнча эксперт Тимур Саралаев менен маектештик.

– Учурда профсоюздар кандай иштеп жатышат?

– Профсоюздар чынында эле алдыга жылбай, доор алмашкандан баштап, 1992-жылдан бери эч кандай реформа кылган жок. Менчикти (профсоюздук мүлк – имараттар, санаторий, мейманканалар, эс алуу жана балдарды эс алдыруу борборлору, ред.) сактап калдык деп жатышат, аны сактап калмак тургай, алар таралып, четинен кетип жатат. Коргоо функциялары дагы иштебейт, анткени структурасынан, мыйзамдарынан жана нормативтик документтерден баштап өзгөртпөсө, 30 адам олтуруп алып, профсоюздарын «каймагы» болуп алып эле, эч жакка эч нерсени жылдырбай, өзгөрүүлөргө жолтоо болуп жатышат. Калыстык үчүн айта кетиш керек, баардык профсоюздар начар эмес, жакшынакай иштегендер деле бар, алардын эмгектерин жууп салган дагы болбойт. Бирок балык башынан сасыйт дегендей, азыр профсоюздар жетекчилик жагынан начар болуп калды.

Негизи профсоюздар эмгекчил адамдын укугун коргоо уюму болгондон кийин, съезд тескериче өтүп, жетекчилер туура эмес шайланып калды. Профсоюздардын соңку съездти тарыхта кала тургандай эле болду, анткени мындай съезд эзели өткөн эмес, эртен менен башка жайда башталып, кечинде башка жайда аягына чыкты. Съезд жабык форматта өттү, бир дагы кабарчы, эл аралык уюмдардан жана өнөктөштөр чакырылган жок. 200 ашуун делегат катышып, анын ичинен болгону 11 адам 35 жашка чейинки делегаттар болду. Мен жаш болуп туруп, профсоюздардын ак-сакалдары менен көк-сакалдардын съездеги бири-бирин чукулап, жамандап, шыбырашып, улам кирип чыгып соодалашып, бири-бирин алдап, элди укпай жанталашып трибунага чыгып алып сүйлөгөн сөздөрүн угуп алып жакамды кармап турдум.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясы өлкөбүздө курамы жана мүчөлөрү эң чоң уюм болгондуктан съезде өзүнүн абройлуу деңгээлин көргөзүш керек эле, бирок абдан деңгээли төмөн экинин жашырбай көргөзүп койду. Эң кызыгы профсоюздар иш берүүчү адамды төрага кылып шайлап алышты, профсоюздардын мүнөзү жана эл аралык стандарттар боюнча, эч убакытта иш берүүчү адамды шайлабаш керек эле. Соодалашуулар аркылуу ар кайсыл профсоюздун ичиндеги жетекчи чалдар Абдырахмановту төрага кылып коюшту, ал киши ага чейин төраганын орун басары эле (коомдук башталышта), бирок иш берүүчү адам орун басар дагы болбош керек эле. Мисалы, ал кишиге ушунча жылдан бери эмнени кыйратыңар деп суроо берсе, ал жооп бере деле албайт. Ал болгону «Достук» мейманканасында мүдүр болуп турганда 150 кызматкерди кетирип, туш-тушун арендага берген. Андан тышкары, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басарлары дагы туура эмес шайланып калды, мисалы ошол эле Бабаева Рысгүл ал профсоюздардын жобосуна карама-каршы кетти, болгону 33% добуш алыптыр, ал эми жободо жазылып турат, көпчүлүк менен алыш керек деп, ал болсо 51% кем эмес деген сөз. Бабаева Бакиевдин заманында жеп-ичерлердин командасында абдан тыгыз иштешкен, ошол эле азыркы төрага дагы Бакиевдер менен иштешкен. Ошолордун баарын шайлап алып, азыр профсоюздар тупикте такалып турат.

1-майга карата бир дагы иш-чара болгон жок, мурун миңдеген адамдар катышкан жөө жүрүштөр болчу эле, ал эми азыр анын бири жок, бул нерселер азыркы учурдагы профсоюздардын деңгээлин көргөзүп жатат. Булардын максаты менчик эле болуп калды. Ал буга чейин реформаларды кылыш керек деп кыйкырган сөздөр жөн эле шылтоо экен. Ошол шылтоо менен мурунку төраганы дагы кетириш үчүн реформаларды кылыш керек деп, эки жумушчу топ түзүшкөн, ал топтор профсоюздардын жобосуна өзгөртүүлөрдү, системалык реформаларды кылабыз деп сунуштарды иштеп чыкмак эле, бирок алар аягына чыккан жок. Ал түгүл, съезде делегаттар менен кабыл алынган насыяттардын бири дагы аткарылган жок. Ошондо азыркы авантюристтер айтышты эле, бир айдын ичинде жаңы жобону кабыл алып, аны ишке киргизмек, ал дагы жок. Анткени жобого көп карама-каршы нерселерди жазып алышыптыр. Мисалы, профсоюздар ишкерчилик менен алектенсе болот деген. Профсоюздар эзели ишкерчилик менен алек болгон эмес, профсоюздардын функциясы, миссиясы такыр башка, ал укуктарды жана эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоодо. Булар болсо профсоюздарды «частная лавочка» катары түшүнүп жатышат. Бул жобону съездин делегаттары туура эмес деп чыкса, съезд дагы туура эмес деп чыгып калышы толугу менен ыктымал. Анткени бул профсоюздарга туура эмес келген нормалар.

– «Достук» мейманкасы кандай жол менен акционердик коомго айланып калган жана профсоюздарга кандай салым кошту, Абдрахманов жетектеп келгенден бери?

– 1992-жылы «Достук» салынып бүткөндөн кийин, КМШ өлкөлөрүнүн Жалпы профсоюздук конфедерациясынан Москвадан Кыргызстан профсоюздар федерациясына өткөрүлүп берилген. Бирок эмне үчүн акционердик коомго өтүп кеткенин жана канча пайызы жеке менчикке берилип калганы айталбайм. Анткени бул маселе азыркы күнгө чейин жабык, ачыкка чыгарышпайт, азыр дагы профсоюздук көпчүлүк билбейт канча пайызы профсоюдардыкы, канчасы жеке тараптыкы жана “Достуктан” канча дивиденд төшөөрүн. Мурун 9-10 жыл бою 1 млн. сомго жакын жыл сайын профсоюздар дивиденд алып турчу эле. Анын баарын “Достуктун” акционерлери кайра артка алышты, 9-10 жылдын ичинде туура эмес акча профсоюздарга берилген деген шылтоо менен 2013 жылы 10 млн. сом кайра артка Кыргызстан профсоюздар федерациясынан өндүрүп алынды. Ал акчалар албетте сот аркылуу берилген, бирок бул жерде шектенүү пайда болбой койбойт, себеби жакшы деген жетекчи профсоюздардын кызыкчылыгын колдоп, соттон утулбаш керек эле, негедир “Достук” миллион деген исктерге утулуп, аны кайра Кыргызстан профсоюздар федерациясы төлөгөнгө туура келди.

Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде ошол учурдагы “Достуктун” директору Жанадил Абдрахмановдун кызыкчылыгы болушу толугу менен ыктымал. Акырында профсоюздар “Достук” мейманканасынан эч кандай пайда жок, аны тармактык профсоюздардын менчиги дегени менен, андан аларга пайда жок. Мунун баарын баштаган мурунку профсоюздардын жетекчилери, анын ичинен учурдагы КПФын төрагасы, анын орун басарлары, кеңешчилери, табакташтары. Учурда “Достук” кимдин менчиги экенин дагы териштириш керек жана бул нерселер ачыкка чыгышы керек.

– Кыргызстандын профсоюздарынын кадрлар саясатын кандай бааласа болот?

– Негизи, учурда Кыргызстан профсоюздар Федерациясында кадр саясаты – нөл. Профессионалдуу кадрларды даярдоо саясаты профсоюздардын маанилүү тармактарынын бири болуп эффективдүү иштеп жатканынын көрсөткүчү болуш керек эле, бирок азыр андай эмес. Тескериче, жаш күжүрмөн, адискөй, билимдүү кадрларды кармап ала албайт, анын ордуна кошоматка жакын, позицияларга жана демилгелерге жарыбаган, ишти так аткара албаган кадрларды колдошот. Коңшу өлкөлөрдүн кадр саясатына карасак, алар квота кылып, адистерди өстүрүшөт, алардын тажрыйбасынын жогорулашына шарт түзүп берет, ал эми бизде өстүрүү эмес Абдархманов бут тосуп жатпайбы. Тармактык профсоюздардын жетекчилери болуп 80 чыккан абышкалар олтурат, анан кайдагы кадр саясаты?!
Булар кантип элди коргой алат, толук иш күн олтурбаса, коомдо болуп жаткан эмгекчилерге түздөн-түз тиешеси бар болгон маселелерге үн катпаса, моюн сунуп эле олтурушса? Кадр маселеси Кыргызстан профсоюздар федерациясында азыркы мезгилде таптакыр эле жок деп эсептесе болот, анткени бул маселеге таптакыр көңүл бурбай калды. 70 жашка чыккан кишилерди жумушка алып жатышса, мурун ыплас иштерге аралашып жаткан адамдар тартылып жатса, жаштар жок болсо алардын арасында профсоюздук мафиялык айлампа болуп калганын көрсөткүчү. Мунун баары эмнени билдирип жатат? Мунун баары Кыргызстан профсоюздар федерациясы ачык-айкын иштебегенин, жамынып алып, көшөгө аркылуу иш кылып жатканын көрсөтүп турат.

– Соңку суроо, азыркы жетекчилик профсоюздарда реформалар жөнүндө көп айтышкан, ошол ураан менен келишкен, бирок ал реформалар көрүнбөйт, жыйынтыгы деле чыкпайт окшойт. Эмне кылыш керек эле?

– Жобонун комиссиясына Кыргызстан профсоюздар федерациясын кеңешинин мүчөлөрүнөн эмес, жөнөкөй, профсоюздардын күжүрмөн, прогрессивдүү адамдарынан кошуш керек эле. Мына ошол комиссиянын курамына ошондой адамдар болгондо, алар киргизишмек жаңы жана олуттуу өзгөрүүлөрдү. Ал эми баягылар эле жүрүшсө, алар өз кызыкчылыктарын гана коргоп жүрүшкөндөй, анан каяктан реформа болот?
Мисалы коңшу Казакстандын профсоюздар федерациясын алсак, алардын кеңешинде 100дөн ашык мүчөсү бар, ал жерден тымызын бир нерселерди өткөрүш кыйыныраак, ал ачык уюм. Демократия, демократия деп айтканыбыз менен, учурда биздин Кыргызстан профсоюздар федерациясы эң автаритардуу жана адам укуктарын одоно бузуп, тебелеген уюм болуп калды. Азыр, бул уюм Кыргызстандагы адам укуктарына шек келтирип турат, ал деңгээлге жеткирген азыркы жетекчилик жана анын кеңешчилери. Бир нерсе болсо эле, шудуңдап Кеңештин 10 чакты кишиси сүйлөшө калып, сценарий боюнча кол көтөрө калып эле, жабык форматта жыйындарын өткөрө салышып, көмүскөдө иштерди жүргүзгөндү жакшы үйрөнүп калышты.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешин чоңойтуш керек, жок дегенде үч эсе, мисалы 90 киши болсо булардын мыйзамсыз иштери өтпөй калат, көп киши болуп, иштер ачык-айкын жүрө баштайт, квотоларды киргизиш керек (жаштардан, аялдардан, кызматкерлерден ж.б.), ошондо прогрессивдүү адамдар келип, ыплас иштерге жол бербейт. Бул эң чоң реформа болот эле. Жобого, профсоюздар мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Профсоюздарды азыркы учурда чектеш керек, ал же ишкерчилик менен алек болуш керек (мейманкана, курортторуна жолдомо бөлүштүрүп иш кылып), же эмгекчил адамдын кызыкчылыктарын, укугун коргош керек. Эки жакка бөлүш керек фукнцияларын, булар болсо көп функцияларды аралаштырып алып иштеп жатышпайбы, ошол үчүн проблема болуп жатат. Азыркы жетекчилик профсоюздардын мүлкү менен эле иш алып барып калды, башка кызыкчылыгы жок.
Дагы бир булардын кемчилиги, учурдагы төраганын кеңешчилеринин бири мүлктүн баарын акционерлештириш керек деген демилгени көтөрүп чыкты. Бул деген сөз, баарын бөлүштүрүү, шылтоолорду табуу, андан ары аукцион аркылуу жиликтемей. Элдин байлыгын, элдин мүлкүн өзүм билгендикке салып, каалагандай колдонуп, каалаганын кылганы жатышат. Мына булардын жасаган реформалары…

Эртеби же кечби коомчулук жыйынтык чыгарыш керек, профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча. Анткени кыргыздарга мындай профсоюздар кереги жок, булар же жолдомолорду туура бөлүштүрбөйт, же эл берген мүлктү жакшы башкара албай, аталарынан калган мурастай түшүнүшөт, же укук коргобойт. Тескериче мыйзамдарды тебелеп, тепсеп жатышат, аларга кайрылган эмгекчилдерди кой, ичинен кызматкерлерин ай сайын басым көрсөтүп, мыйзамсыз кетирип, орундарын башкаларга берип, кайдагы бир шылтоолорду табышып, бири-бирине «донос» менен алек. Анан бизге мындай профсоюздар кереги барбы?!

Тимур Саралаев, жарандык активист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: