Ички иштер министрилиги “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы митингге катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунуштаганын айтып чыкты.
Маалыматка караганда, Жеңиш аянтынын жанынан тартип сакчылары жети адамды кармашкан. Суракка алуу учурунда Рашид жана Съездбек аттуу адамдар каршылык акциясына катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунушташкан.
Кийинчерээк 49 жаштагы Абдурашид аттуу жаран кармалган. Ал жубайы экөө Б.Т аттуу киши жана анын туугандары менен тааныш экендигин айтып берген. Ал Жеңиш аянтында жана УКМК имаратынын алдында митинг уюштуруу үчүн 20 миң сом сунуштаган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ