Жалал-Абадда үч эм балдары менен батирге муктаж болгон үй-бүлөгө жергиликтүү бийликтер үч бөлмөлүү үй сатып беришти. Бул тууралуу шаардык муниципалдык мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Болот Джусупбеков билдирди.
Анын айтымында, үч эм бала төрөгөн шаар тургуну Гүлбарчын Мамазаирова шаардагы үй-бүлөлүк жатаканада 2 кыз жана 2 уулу менен жашап келишкенин, үч эм төрөгөн соң жашоо шарты кыйындап кеткенин айтып, жергиликтүү бийликтерге жардам сурап кайрылган. Шаардык кеңешинин депутаттары бул маселени жыйында карап, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 200 миң сом каражат бөлүп, арыз ээсине үч бөлмөлүү үй сатып берүүнү шаар мэриясына тапшырышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ