Эмнегедир Аргынбек Малабаевдин аргасы куруп баштаган өңдөнөт. Жумушсуз калгандан бери кулагын түрүп, «мага качан прокуратурадан иш козголуп, повестка келет?» дегенсип, чочулап атканын эшиттик. «Коркконго кош көрүнөт» болуп, эки-үч кун мурун «Кыргыз Темир жолу» мамлекетгик ишканага тымызын келип, санаалаш темир жолчуларын чогултуп, «мени колдогула, митинг кылгыла» деген имиш. Аргынбектин абалы чатак өңдөнөт. Антпесе, эмнеге азыр СГОнун начальниги Болот Сүйүнбаевге бөжөңдөйт? Бир кезде Бокени теңине албай, бакиевчилер менен ымалашып, Нариман Түлеев менен коюн-колтук алышканы, айтор, кандуу бийликке жагынганы калп беле? Кийин эле 7-апрелден соң, СДПКга өз киши катарында келе калганы, калп эле анткорлонгону белгилүү. Эми үстүнө кара булут айлана баштаганда жансоога сурай баштадыбы? Тендердеги жана «Кыргыз Темир жолундагы» коррупциялык иштерден Малабаев кантип буйтап кетет ыя? Мыйзамдын укуругу узу-ун…
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ