Menu

Кара-Кулжада жаңы мечит пайдаланууга берилди

Бөлүшүү:

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул боюнча райондун баш имам-хатиби Анарбек ажы Жусупов билдирди.

Мечиттин ачылыш салтанатына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев, КРнын дин иштери боюнча комиссиясынын түштүк аймактык өкүлү Исабай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Сауд Арабиядан келген демөөрчү Доктор Мухаммад Саид, Фатхий Фаззани Маккий, КРнын ички иштер министрлигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, райондун акими, түштүк аймактагы облус, шаарлардын казылары менен райондордун башкы имам хатибдери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Ачылуу аземде Азирети муфтий жалпы элди жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, өз сөзүндө  мечит араздашкандарды жараштыра турган, акыретке даярдык жол көрсөтүүчү  жана мечитте туура таалим-тарбия ала турган, көрө албастык, текебердиктен арылып,  жамаатты, бир туугандыкты бекемдей турган жай экендигин айтып өттү. Андан соң генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков тарабынан Сауд Аравиялык демөөрчүлөргө символикалык кылыч жана казылар менен башкы имам хатибдер үчүн атайын тигилген желектер жана баалуу белектер тартууланды. Бул күнү мечитте намаз окулуп, келген конокторго сый-тамак тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: