СССРдин эл артисти Иосиф Кобзондун 80 жылдык мааракесин утурлай шаар мэриясы ырчыга “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сыйлыкты Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького шаар башчысы Албек Ибраимов менен шаардык кеңештин төрагасы Алаз Кененбаев тапшырды. Ал эми элчи сыйлыкты Кобзого жерткире тургандыгын жана ал жакынкы убакта кыргызстандыктар үчүн сөзсүз ырдап берерин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ