Menu

Нарын жылуулук берүүчү ишканасы экологиялык коркунуч жаратууда

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Нарын шаарына караштуу жылуулук берүүчү ишканасы экологияны бузуп, көмүр кенин калк жыш жайгашкан жерде жарандардын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирүү менен сактап жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык, Нарын шаарында борбордук көчөгө жакын жерде, жатакана жана бала-бакчанын жанында 5,5 тонна кара алтын сакталып турат. Катуу шамал болгондо же аба ырайы кескин өзгөргөндө көмүр жакын жайгашкан турак-жайларга учуп, жарандардын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизүүдө. Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, мынча көлөмдөгү көмүр кени ачык жерде, турак үйлөргө жакын сакталбашы керек, өзүлөрүнүн көмүр сактоочу жайы бар, ошол жерге сакталышы керек. Бул жерде турганы санитардык жана экологиялык нормаларга такыр туура келбейт. Нарын жылуулук ишканасына эскертүүлөр берилип, административдик чаралар дагы көрүлдү. Бирок Нарын жылуулук берүү ишканасы тарабынан көмүрдү чыгарып кетүүнүн аракети жок. Мамэкотехинспекциянын адистери жарандардын ден-соолугун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында көмүрдү тез арада чыгаруу талабын койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: