3-6-июнда аба-ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 4-июнь күнү мезгил-мезгили менен бир-аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 4-июнь күнү мезгил-мезгили менен бир-аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.
4-5-июнь күндөрү кээ бир райондордо жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
6-июнь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
7-июнь күнү жана 8-июнь күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 8-июнь күнү күндүз кээ бир райондордо жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ