Menu

Видео – Актөбөдөгү атышууда бир нече адамдын өмүрү кыйылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралдуу кол салуудан алты адам, анын ичинде бул кылмышка шектүү делген үч киши өлгөнүн кабарлады. Шаарда террорчуларга каршы операция жүрүп жатат.

Жекшемби күнү Казакстандын Актөбө облусунун админстративдик борбору – Актөбө шаарында белгисиз адамдар курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салды. Андан бир канча адам каза тапканын Казакстан ИИМинин атайын өкүлү Алмас Садубаев журналисттерге билдирди.

“Актөбө облусунун полиция бөлүмүнө курал саткан “Паллада” дүкөнүнө кол салуу болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Ошондой эле дагы бир курал саткан дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салуу болгону белгилүү болду. Кол салуу учурунда “Паллада” дүкөнүнүн сатуучусу каза таап, дагы бир киши жаракат алды. Ал эми аскер бөлүктөгү окуяда бир офицер жана бир жоокер каза тапты. Мындан тышкары тогуз аскер жаракат алган”, – деди Алмас Садубаев.

Анын айтымында, кол салгандардын бири колго түшүп, үчөө окко учту, бирөө жаракат алды. Бир нече кылмышкер курчоого алынып, кол салууга катышкан бир нече адам из жашырып кетти. Аларды издөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: