Menu

Кыргызстан менен Орусия ортосунда бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июнда, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Алар:

1.Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрү аралык мунай жана мунай продуктуларын ташуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;

2.Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Орусия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ортосундагы социалдык-эмгек тармагындагы кызматташтык тууралуу келишим;

3.Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрликтери ортосундагы 2016-2017-жылдарга кызматташтык программасы;

4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жана РФ Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Орусия Федерациясынын Байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ортосундагы мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Белгилей кетсек, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бүгүн, 6-июнда, Кыргызстанга расмий визит менен келди.

Дмитрий Медведев расмий визиттин алкагында, эртең, 7-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: