Menu

Алмамбет Шыкмаматов, депутат: “Элдин эсебинен жеке камсыздандыруу компанияларын бакпашыбыз керек”

Бөлүшүү:

Автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандырууда катардагы жарандарга караганда жеке менчик камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгы гана корголуп калган. Мындай пикирин депепутат Алмамбет Шыкмаматов “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

“Эгер кокустан жол кырсыгы катталса, андагы күнөөлүү тараптан сот аркылуу өндүрүлгөн каражат жабыр тарткан тарапка төлөнүп берилгени туура эмес. Анткени эгер ошол жол кырсыгына себеп болгон күнөөлүү тарап дагы өз унаасын камсыздандырган болсо, анын төлөп келген каражаты күйүп кетеби? Ал аз келгенсип, сот аркылуу экинчи тарапка кошумча каражат төлөп берүүгө мажбурланабы? Мындай суроолорго сунушталып жаткан мыйзамдан жооп таба албайсыз! Элдин эсебинен жеке камсыздандыруу компанияларын бакпашыбыз керек!” – Шыкмаматов.

“Ал эми турак-жайларды камсыздандырууда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын негизделиши туура чечим. Буга элдин ынанымы артат. Бирок, ошол табият кырсыгына кабылып, жарактан чыккан үйлөрдүн ээлери деле камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп жүрүп, кийин аны алууга келгенде бир катар далилдерди чогултам деп чуркап убара болгону – адилетсиздик. Себеби, мыйзамда табият кырсыгынын бир катар түрлөрү кандайдыр бир чектер менен көрсөтүлүп калган. Мисалы, сел жүрсө, андагы агындылардын 60%ы таштардан туруш керек, шамал болсо анын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жетүүгө тийиш, же жер титирөөнүн күчү эпицентрде 6 баллдан кем болбош керек, нөшөөр болсо тынбай 12 саат бою жаашы эске алынат деген талаптар туура эмес критерий. Азыр 4 баллдык жер титирөөдө деле урап калган үйлөр бар. Анда ошол турак-жайы жараксыз болгон жарандар камсыздандырууга төлөгөн каражаттарын кайтарып ала албай калышабы?! Мындай суроолор көп. Алардын бардыгын тактап, кылдат иштеп чыкмайынча, турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды ишке киргизүү акыйкатсыздыкка жол ачат”,- дейт депутат.

Ошондой эле ал элдин кызыкчылыгын жогору коюп, милдеттүү камсыздандыруу мыйзамынын чала-кайым жерлерин жоюу тапшырмасы менен мыйзамды 2018-жылга чейин жылдыруу сунушун Жогорку Кеңештеги бир топ комитет, фракциялар карап, колдоого алышканын, бирок, акыркы мезгилде парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзамды 2018-жылга чейин жылдыруу сунушун четке какканын билдирди. “Бул жерде өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн өжөрлүккө салып, мыйзамды ишке киргизүүгө кылган аракети байкалып жатат”,- дейт Шыкмаматов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: