Menu

Обама Клинтондун талапкерлигин расмий түрдө колдоду

Бөлүшүү:
АКШ президенти Барак Обама шайлоо алдындагы күрөштө Хиллари Клинтондун талапкерлигин расмий түрдө колдоого алды.
Бейшембиде жарыяланган үгүт материалында Обама буга чейин мамлекет башчылыгына кесипкөйлүк жагынан мынчалык даяр болгон талапкер болбогондугун айткан.
Праймеризде Клинтон Демократиялык партиянын колдоосуна арзыган. Ал АКШ тарыхындагы президенттикке талапкер алгачкы аял болушу ыктымал.
Бирок анын башкы атаандашы, сенатор Берни Сандерс съездге чейин эле жарыштан чыгуудан баш тартты. Бул туурасында ал Барак Обама менен жеке сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Обама республикачылар менен татыктуу теңтайлашуу үчүн демократтарды биргелешип аракеттенүүгө чакырууда. Республикачылардын ичинен азырынча миллиардер Дональд Трамп алдыда келе жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: