Канада өлкөсүндө да былтыр, 2015-жылы биз сыяктуу парламенттик шайлоо өтүп, Либералдар партиясы жеңишке жеткен. Мыйзам боюнча жеңишке жеткен партиянын лидери Джастин Трюдо өкмөт түзүп, өзү Канаданын премьер-министри болуп шайланган.
Джастин Трюдо чыныгы либерал катары оппозицияда жүргөн кезинде да, азыр премьер-министр кызматында да өлкөдөгү мусулмандар менен аябай жакын достошуп, мусулман кийимин кийинип, мечиттерге барып сыйынып жүрөт. Жыл сайын орозо кармаган досторуна, тааныштарына ифтар өткөрүп, ооз ачтырат. Муну менен дини мусулман болбогон премьер-министр Джастин Трюдо өз жарандарынын диний ишенимдерин сыйлай тургандыгын айгинелеп, толеранттуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтөт.
https://www.youtube.com/watch?v=n4tm390qHRw
https://www.youtube.com/watch?v=e5Lm58iUs1Y
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ