Menu

Өкмөт башчы Чүй облусун кыдырат

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн жумушчу сапары менен Чүй облусун кыдырып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы сапар алкагында Ысык-Ата районундагы томат продукциясын чыгаруучу консервалык заводдун курулушу менен таанышат. Заводдун курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында бүткөрүлүүсү пландаштырылууда. Ишкана продукциясын ички гана эмес, Россия, Беларусь жана Казакстандын рыногуна чыгарууну да пландаштырууда. Аталган ишкана ишке киргизилиши менен 240 жумушчу орун түзүлөт.

Премьер-министр ошондой эле Чүй районундагы кездеме чыгаруучу ишкананын курулушу менен таанышмакчы. Мында 150 жумушчу орду түзүлүп, ал 2016-жылдын август айында ишке киргизилиши күтүлүүдө.

Жээнбеков мындан тышкары Кемин районундагы курамында алтын камтыган кенди кайра иштетүү менен алектенген ишканага барат. Өкмөт башчынын иш сапары Чу дайрасы ташкындап каптаган Бишкек-Нарын-Торугарт автожол тилкесин көзөмөлдөө менен жыйынтыкталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: