Menu

Атамбаев: “Күч менен террорчулук көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес”

Бөлүшүү:

Бир гана күч менен экстремизм жана терроризм маселелерин чечүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда айтты.

«Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террордук жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөш жаатындагы эл аралык кызматташтык” деген темада өтүп жаткан конференцияны Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин Антитеррордук борбору уюштурду.

Өлкө башчынын пикиринде, Кыргызстан туруктуу светтик өнүгүү максатында калк менен иштөө жана диний лидерлер менен жакшы кызматташуу жагынан башкаларга үлгү боло алат. Атамбаев диний жактан туура билим берүү аракети көрүлүп жатканын, ошону менен катар улуттук каада-салт менен маданиятты колдоо керек экенин белгиледи.

Өлкөдөгү диний кырдаал маселеси былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, концепция кабыл алынган. Соңку маалыматка караганда, учурда 500гө жакын кыргызстандык Сириядагы согушка катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: