Menu

Эрнис Кыязов, журналист: ““Азаттыктын” мурункудай катуу болбой жумшарып калуусуна Бабанов-Отунбаева-Атамбаев айлампасынын таасири толук болушу ыктымал”

Бөлүшүү:

“Азаттыктан” СССРге карай жол…
Жогорку кенештин төрт депутаты ММК тууралуу мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизе коюп, аны комитетте өткөрүп, эми алдыда парламенттин чоң чогулушуна алып чыгып кабыл алып иймекчи болуп жаткан аракеттин артында бийликтин Азаттык радиосун жүгөндөө ниети жатат деген сөз болуп жатат коомчулукта… Ага удаа эле “Азаттыкка болгон кысым – бул өлкөдөгү жалпы сөз эркиндигине жасалган кысым” деген тынчсыздануулар менен катар, “аларга чала болот,..бирде оппозицияны өгөйлөп, ак үйгө жагалданып, бирде ислам динине, Чубак ажыга асылып, гейлерди колдосо ошону көрмөк..” деп табасы кана пикир жазгандар көбөйдү.
2005-2010 жылдарга чейинки жана азыркы “Азаттык” тууралуу…
Акаев, Бакиев башкарган жылдардагы бийликтин калпыс жактарын, кемчиликтерин , катачылыктарын тике айтып, ошондой уктуруулары менен элдин сезимин ойготкон 2005-2010 жылдардагы “Азаттык” башка , ага улай эле менимче 2010-жылдан берки “Азаттыктын” түрү саал башка. Калыстыктыктан таптакыр тайып кетти деп айтсам өтө аша чапкандык болуп калат, бирок саясий курч окуяларды берүүдө, айрыкча бийлик менен анын оппоненттеринин күрөшүн, протесттик мамилесин чагылдырууда “Азаттык” бери эле дегенде бийликтин майда-чүйдө быкыйларын айтымыш болуп келип, бирок ошол быкыйдын башында ким же кимдер тургандыгын ойкутуп-кайкытып кеп кылымыш этип, же аны байкамаксанга салып, ток этер сөздөн кыйгап өткөн, “ала кушту атынан айтпаган” мандемдер орун алды. 2010-жылы келген бийлик Акаевчилерди, Бакиевчилерди кандай жаман көрсө, жээрисе “Азаттык” да бийлик менен кошо жаман көргөнсүгөн, бийлик менен кошо жээригенсиген маанайы уктуруулардын күрөө тамырынан ачык эле байкалган. А түгүл “Азаттыктын” кээ бир журналисттери соц.тармактарда “тиги президент жаман, бу президент жакшы ” деген маанидеги полемикага кошо аралашып, “тигилерге караганда бул төөчөлүк өйдө…” дегенге чейин барган кызуу кандуулукка алдырган учурлары болгон. Саясий логика боюнча мурункулардын кетирип, алардын ордуна келген кийинкилердин “биз жакшыбыз” деген амбициясын түшүнсө болот,саясатчылар үчүн бул жараша берээр, бирок бийликке да, оппозицияга да көз каранды эмес, сырттан каржыланган “Азаттык” үч президенттин баарына тең лоялдуу болууга тийиш эле. Дагы кайталайм, “Азаттык” бейтараптуулук жагынан таптакыр эле тайып кеткени жери жок, бирок Акаев, Бакиев кезиндеги “Азаттыктын” бейтараптуулугу менен азыркысынын айырмасы бар жана ал айырма чоң. Ошол айырма сырткы факторлордон эмес, Кыргызстандын өзүндөгү ички саясый субьективдүү факторлордон уламбы деген шекшүүм бар. Ала кушту атынан айтуу кыйын, бирок саал жакындаштырып айтканда, “Азаттыктын” мурункудай катуу болбой жумшарып калуусуна Бабанов-Отунбаева-Атамбаев айлампасынын таасири толук болушу ыктымал. Тагыраагы, анти-акаевчил, анти-бакиевчил Роза Отунбаева өзүнүн эл аралык аренадагы имидж-кадырын Атамбаевдик бийликтин (демек жеке өзүнүн да) келечеги үчүн садага чаап, элдин аң сезимин ары же бери бурууга дымактуу медиа “Азаттыкка” өзүнүн президент кезиндеги пресс катчысы жана Өмүрбек Бабановдун премьер-министр кезиндеги басма сөз катчысы Султан Каназаровдун жетекчиликке барышына салымын кошуп, чечим кабыл алуучу тараптарга түз болбосо да кыйыр түрдө кулак кагыш кылып, жакшы бата берүүсү толук мүмкүн. Кыргызстандагы мындай көп функциялуу саясый комбинациянын түпкү мазмунун АКШнын Сенаты да, “Азаттыктын” Прагадагы башкы офиси да түшүнбөшү ыктымал, бирок бул нерсе комбинация оюнчулары үчүн жакындап келе жаткан президенттик шайлоолордун фонунда онунчу , а балким жыйырманчы маселе.
Ак мышык, кара мышык жана чычкан тууралуу…
Менин жеке көз карашымда, “Азаттыкты” АКШнын сенаты каржылап жатканы үчүн “Азаттыктын” журналисттерин күнөөлөө туура эмесирээк . Эмгек акыны ким бербесин журналисттердин Кыргызстандагы көтөрүп жаткан маселелери маанилүү. Ошо “Азаттыктын” тээ канча жылдан берки архивин барактап көрсөңөр, буга чейин көтөрүлгөн саясый, экономикалык, социалдык, маданий ж.б. актуалдуу маселелер деле өтө арбын. Башка темаларды таалуу, курч проблемаларды көтөрсө “Азаттык” жакшы, а Чубак ажы менен Жанар Акаевге байланышкан диний маселе үчүн эле бир беткей кыйыктанган болбойт го… Кыргызстандын бюджетинен каржыланган ММКда иштейли десе, “президент, өкмөт кыйратып иштеп атышат..” деп чындыкты эмес жалган айтууга туура келсе,.. андан көрө АКШ каржылайбы,.. башкасы каржылайбы чындыкты айтып “өөй бийлик..биз кыязы туура эмес кетип баратабыз, турмуш оңолгон жок,..коррупция жоюлбады, соттор илгеркидей эле бийликке көз каранды, светтин баасы болсо арзандабады, Бажы союзуна өтсөк жыргайбыз дедиңер эле.. жыргабай эле эл өтө кыйналып кетти !.. Парламенттик башкаруубуз парламенттикке анча окшошпой атат ..” деп турган жагы өлкө үчүн жакшы да? А ислам дини үчүн камтама болуунун кереги жок, анткени пенделер канчалык бир бири менен жаакташып “сеники туура эмес, меники туура” деп чукулашпасын бүтүндөй ааламдардын ээси (!) – Аллах (Кудай, Жараткан, Бог, God ж.б.) табиятында кайсы бир диний аалымдын сактап, коргоп калуусуна муктаж эмес, ошондой эле кай бир депутаттын жума намазга убакыт бөлүнүүсүнө каршы берген добушунан коркуп кетпейт, а түгүл кылы да кыйшайбасы анык. Бир сөз менен айтканда, башында түптүз эле келе жатып, кийинчерээк ажыдаарга айланып кетчү президентти пайда кылып жиберген арабөк система жашап турганда, бийлигинде да, оппозициясында да акаевчилер, бакиевчилер, атамбаевчилер аралашып оокат кыле берчү ашмалтай элита турганда сырттан каржыланган, бейтараптуу “Азаттык” Кыргызстанга дайыма керек боло берет. Каржылоочу тарап ак мышыкпы, кара мышыкпы бул башкысы эмес, башкысы, ким каржыласа да чычкан алып берсе болду…
“Азаттыктын” жеке азаттыгы тууралуу…
“Азаттыкты” азаттуу кылган нерсе – андагы менеджментпи, андагы журналисттердин акыл-парасатыбы же айлык маянанын көптүгүбү?-деген суроо пайда болот. Менимче, мунун жообу эң жөнөкөй. “Азаттык” радиосу акчаны бийликтен да, оппозициядан да , жарандык коом, уюм сыяктуулардан да албайт, каржылоо сырттан келет, радио АКШ сенаты тарабынан каржыланат. Ошондуктан кандай гана саясый, экономикалык, социалдык оош-кыйыштуу окуялар болбосун , Азаттык аны бийлигине да, оппозициясына да, башка тарабына да күнкор болбой лоялдуу чагылдыра алат, анткени ушинтүүгө мүмкүндүк бар үчүн, өлкө ичиндеги ар кыл саясий үйүрлөргө же чөнтөктүү олигархтарга каржылай көз каранды эместиги үчүн гана (!) ушинте алат. Мени ары таң калткан, ары өкүнткөн жагдай – ушундай мүмкүнчүлүктүн сересинде туруп алып “Азаттыктын” айрым журналисттери аны өзүнүн “эркин айта алгандыгы” катары сыпаттаганы. Азаттыктагы берүүлөрдүн, көрсөтүүлөрдүн сапатында журналисттердин жеке профессиионалдык аракетинин, талантынын тиешеси сөзсүз бар. Бирок эркин айтуу, эркин сүйлөө маселесине келгенде -ошондой мүмкүнчүлүктү каржылаган тарапка, демек АКШга рахмат айтышыбыз керек. Билинбегени менен 20 жыл ичинде демократиянын, сөз эркиндигин денгээли кандай денгээлге чыккан болсо, ошол денгээлдин болушуна, Акаевдин, Бакиевдин катачылыктарын коомго эркин угузуп жеткизген “Азаттыкты” каржылаган АКШ Сенатынын салымы да опол тоодой.
Авторитардык Маскөөнүн колдоосунда президент болгон “демократ” Атамбаев “Азаттыкты” тыя алабы?
Кремлдин колдоосу менен президент болгон Атамбаевдин бийликке келгенден берки саясаты негизинен Орусиячыл болуп келгени ачык-айкын көрүнөт. Пейили ар бөлөк кыргыз президентинин сүйлөгөнү да ар бөлөк болуп уланып келет. Бирде Орусияга өбөктөп Бажы союзуна чейин кирип, орустардын жардамы менен ГЭСтери курмакчы болуп, ГЭС курулбаган соң Орусияга жүзүн үйрүй оргу-баргы сөздөрдү айтат. Анан туруп эле бей өкмөт уюмдарга, укук коргоочуларга асылып “батыштын нанын жеп атасыңар” деп наалып, кезинде “Азаттыкты” да каарып өткөн жайы бар.
Маалымат үчүн айта кетсек, АКШнын мамлекеттик департаменти 2016-жылы Кыргызстандагы демократиялык институттарга , анын ичинде Массалык маалымат каражаттарына жардам көрсөтүүнү 39%га көбөйтө турган болуптур. Аңгыча Жогорку кеңештеги төрт депутат жайбаракат уктап жаткан жеринен эле чочуп ойгонуп, тиешелүү комитетте (КСДПнын эки депутаты, Республика Атажурттан эки депутат) ММК тууралуу мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, чет өлкөдөн каржыланчу Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын каржы булактарын чектөө амалын ала чуркап, мыйзамды өткөрүүгө жанталашып жаткан чагы. Менин жеке баамымда, күндөрдүн бир күнүндө эле төрт көпөс-депутаттын оюна “ММК тууралуу мыйзамды кантип оңдоп-түздөп ийсек?” деген ниет жөн жеринен келе калган жок болуш керек,.. КСДП менен Республика-Атажурт фракцияларына байланган куурчак-жипти кармап жүрүп олтурсак, анын башы албетте президентке барып такалат. Ал эми Атамбаевди ушул ниетке аргасыз кылган башкы пульт Кремльде, тагыраагы Владимир Путиндин чөнтөгүндө жүрүшү да толук мүмкүн. Алмаз Шершеновичте Азаттыкка наалымай, бей өкмөт уюмдарга асылмай жоруктун пайда болуусу балким Кремлдин көзүнчө “аракет кылып атпайымбы…” деп актануунун бир формасы гана. Мыйзам өтсө өтүп кетти,.. өтпөсө “канча аракет кылсак да каршы болуп туруп алышты…” деп бир ок менен Кремль жактагы коенду атып, дагы бир ок менен президенттик мөөнөтүнүн акырында демократияны, сөз эркиндигин түшүнгөн, “Азаттыкты” сактап калган “баатыр” болуп чыга келген коенду атып аброюна аброй кошуусу да ыктымал… Негизгиси бул да эмес, Советтер союзу ыдыраган соң Эркин Европа (Азаттык) өз миссиясын аткарып бүткөндөй , “жасачуну жасадык, бүтүрчүнү бүтүрдүк” деген камаарабаган мүнөз күтүп калганы менен, сонку 20 жыл ичинде постсоветтик өлкөлөр “кремлчил советизмден” толук арыла элек, тескерисинче акыркы убакта Маскөөнүн СССРге болгон көксөөсү, ностальжиси күчөп Путин мырза анысын КМШ өлкө башчыларынын башы бириккен чогулуш, жыйындардын баарында ынгайына карап кыйыр да, ачык да билдирип келе жатат….
Эрнис Кыязов – журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: