Menu

Аида Салянова, депутат: “Жеткен уурулар, зөөкүрлөр баралбаган жамандыкка бийлик барып жатса, алар менен бир казанда кайнагым келген жок”

Бөлүшүү:

Экс-башкы прокурор, учурдагы депутат Аида Салянова анын жакындарына жана өзүнө бийлик тараптан кысым болуп жатканы тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазды. Анын айтымында башкы прокурор болуп турган учурда арттырган душмандары, бүгүн баш көтөрүп, ага каршы иштерди башташыптыр.
“Убагында мен башкы прокурор болуп турганда азыркы ички иштер министрине кылмыш иши козголду эле. Балким бу дагы болсо ошонун кесепети. Коррупция менен күрөшөм деп жүрүп көп душман таптым. Меникиндей таасирлүү душмандар башка бир дагы адамда жок болсо керек. Анын кесепетин мен парламенттик ишмердүүлүгүмдө дагы байкайм.
Эгерде сен жумушуңа берилип иштесең, шантажга, коркутууларга моюн бербесең, сүйлөшүүлөргө барбасаң, тосколдуктарга карабай аруу тилек менен иштесең сенде кандайдыр бир кепилдик болуш керек да, сен калптын, көралбастыктын, ушактын курмандыгы болбошуң керек да деп ойлодум эле. Ачуу чындык… Бирок Кудайыман башка кепилдик болбойт экен.
Мен жолдошума ыраазымын. Менин айымдан саясаттын кир оюндарына аралаштырышып, канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөрдү. Жолдошум чындап эле мыйзам бузууга барган болсо анда мага сунушталган жумушунун бирине бара бербейт белем… Кош бойлуу болуп турганда өзүмдүн кара жанымды аябайт белем. Жеткен уурулар, зөөкүрлөр баралбаган жамандыкка бийлик барып жатса, алар менен бир казанда кайнагым келген жок”, – дейт Аида Салянова.
Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: