Menu

Малик Нурдинов, комендант: “Эми таажывирустун белгилерин жашырган жарандар өз эсебинен дарыланат”

Бөлүшүү:

Эми таажывирустун белгилерин жашырган жарандар өз эсебинен дарыланат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрель күнү Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.

Эгерде ооруну жашыргандар болсо, биз алардын бардыгын таап, обсервацияга жаткырабыз. Бирок, эми алар өз эсебинен дарыланат. Буга чейин жергиликтүү бийликтер жана дарыгерлер, “келип, шектенүүлөр бар-жогун текшерип көр”, деп сунушташты. Бирок, айрымдары ооруну жашыра башташты. Алар билинбей калат деп ойлошкон. Алар биринчи кезекте өздөрүнө зыян келтирет, андан кийин кошунасына, тааныштарына зыян келтирет. Жыйынтыгында аягы жаман болуп бүтүшү мүмкүн” – деп билдирди комендант.

Ао ошондой эле, ооруну жашырып, башкаларга дагы вирусту жуктура турган адамдар болсо, аларга карата кылмыш иш козголорун белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: