Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кечээ, 28-февралда эки тараптуу кыргыз-россиялык документерге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алмазбек Атамбаевдин жана Россия Президенти Владимир Путиндин катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
– КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана РФ Президенти Владимир Путиндин Биргелешкен билдирүүсү;
– Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө 2015-жылдын 31-мартындагы КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
– КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адам эсенчилигин сактоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматтын ортосундагы инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум .
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ