Кечээ 19-июнь күнү, кечки саат 20:10 чамасында Өзгөн районунун Таш-Коргон айылындагы таштанды таштоочу жайда белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык ӨКМдин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары сөөктү алып чыгышып, медсотэкспертизага өткөрүп беришти. Учурда сөөктүн өздүгү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ