Menu

Атамбаев Талас облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 11-октябрда Талас облусуна жасаган иш  сапарынын алкагында облустун  активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялалады.

Салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысы  жарандардын  автожолдордун, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык обьектилердин  курулушуна жана башка  маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  президенттик  мезгили жөнөкөй болбогондугун белгилеп, дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн таластыктарга ыраазычылык билдирди.

Алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу сөз кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев  шайлоолор таза жана  демократиялуу жол менен  өткөрүлүп, жарандардын добушун  толугу менен ачык эсептөө камсыз болоорун баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: