Эртең, 9-февралда Улуттук Илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүндө “Тарых жана маданият жылына” карата жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жарык көргөн китептеринин бетачары болот. Бул тууралу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында 2015-16-жылдын эсеби менен Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында жалпы 32 китеп жарыяланган.
Адабият багытында “Манас” энциклопедиясынын 2 томдугу, “Эл адабияты” сериясынан 20 китеп, “Залкар акындар” сериясынан 15 китеп кайрадан толукталып жарык көргөн. Ошондой эле 40 жылдан бери биринчи жолу “Айтыштар” сериясы 5 том көлөмүндө басылган. “Окурмандардын китеп текчеси” деген сериясы менен кыргыз адабиятындагы негизги деген көркөм чыгармалар 20 том көлөмүндө жарыяланды.
Үркүндүн 100 жылдыгынын алкагында 6 китеп басылып, “Тарых жана маданият жылына” карата “Кыргызстандын тарыхынын” 2 тому жарык көрдү. Ошондой эле Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына “Куттуу билим” чыгармасынын академиялык басылышынын 3 тому толукталып, кайрадан жарык көрдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ