Курамына ЗОдан ашык коомдук-саясий уюмдар кирген “Мекенчил күчтөрдүн биримдиги” аталган уюм жаздын алды менен Улуу Курултай өткөрүүгө белсенип жатышканын эшиттик. Азыркы тапта “Элдик курултай” институтун мыйзамдаштыруу маселесин көптөн бери көтөрүп келе жаткан бул уюм жер-жерлерде өз активдери менен иш алып барып, аймактардан өз делегаттарын тактоо иштерине белсенип киришкени айтылууда. Алар алдыдагы күтүлүп жаткан курултайда өлкөбүздөгү саясий, экономикалык, руханий маселелердин тегерегиндеги өзөктүү маселелерди талкуулоо алдында турушат. Мекен, улут, мамлекет деген бөлүнгүс бул үч ыйыктыкты туу туткан бул коомдук саясий уюм курултайда алдыдагы президенттик шайлоого карата да өзгөчө сөз кылышаары күтүлүүдө.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ