Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү абал боюнча маалымат берип, суроолорго жооп беришти. Ал эми жыйындын жүрүшүндө айрым депутаттар кайым айтышты.
“Мурда бийликти сындагандарды түрмөгө камап, жазалачу. Биз ал мезгилден өттүк. Ага карабастан, айрым кесиптештерибиз абалды атайлап курчутуп жатышат. Алар өзүлөрү өзгөчө оор кылмыштардын катышуучулары экендигине карабай. Кой-Ташта 100дөн ашык адам жаракат алып, бир милиция кызматкери көз жумду. Бирок ушул кылмышка айыпталгандар бүгүн залда басып, бизге акыл үйрөтүп жатышат. Мен сиздерден суранам, ушундай оор учурда кырдаалды курчутпаңыздар. Бул бир эле мамлекеттик эмес дүйнөлүк көйгөй. Мен сиздерди ушундай кыйын кырдаалда биримдикке чакырам”,- деди Мамытов.
Ал эми Карамушкина “Менин сөзүмдү өзүңөр каалагандай чечмелөөнүн кереги жок. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча спецназ эмне болуп каза болгонун, ал жака кишилерди ким жибергенин сот аныктап, чечим чыгарат. Ошондуктан бизди кылмышкер атабай өзүңөрдү билип алгыла. Биз мыйзамды жакшы билебиз жана аткарабыз”,- деди ал.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ