Menu

Камчыбек Ташиев: “Салянова менен анын кожоюнун түрмѳнүн камералары зыркырап күтүп атат”

Бөлүшүү:

Ишемби күнү, 18-июнда экс-генпрокурор, азыркы депутат Аида Салянова бийлик тараптан анын үй-бүлөсүнө куугунтук болуп жатканын айтып, билдирүү тараткан эле. Аида айымдын бул билдирүүсүнө журналист Адилет Айтикеев жооп кылып, жашоо бумеранг экенин, учурунда башкаларга жасаган жамандыгы бүгүн Аида Салянованын өзүнө кайта баштаганын айтып, жазып чыккан. А.Айтикеевдин айтканын айтылуу саясатчылар да колдоого алышып, Фейсбукта кызуу талкуулап жатышат. Мисалы, Камчыбек Ташиев Салянова менен анын кожоюнун түрмөнүн камералары зыркырап күтүп жатканын билдирди.

“Адилет иним туура айтасын, буюрса али кѳп нерселер алдыда, кожоюну экѳѳ тең жооп бере турган убакыт, камералар зыркырап күтүп атат. Биз кечиребиз, эгерде баардык жасаган зулумдуктарын эл алдында айтып, күнѳѳсүн мойнуна алса, андай болбосо орустар айтмакчы “заставим!”, – дейт К.Ташиев.

Аида Салянова генпрокурорлук кызматтан кетип жатып “эгер мага жамандык кылса, анда ага жетиштүү компромат жазылган керээз катымды ишенимдүү жерге катып койдум” таризинде билдирүү таратып, ошол кездеги кожоюну Алмаз Атамбаевди коркуткан. Акыркы учурда коррупция боюнча күйөөсү, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир тууган агасы суракка алынып, айласы кеткен Аида Салянова сейфке катылган керээз катын алып чыгат окшоп калды. Эгер ал каттын мазмуну жарыяланып кетсе анда кожоюну Алмаз Атамбаев кимди кандай буйрутма менен каматкандыгы, кимди “обезжирить” этип кайра коё бергендиктери ачыкка чыгат деген элек кеп кетти.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: