Menu

“Саман” аралашкан саясат, “баткак” аралашкан бийлик

Бөлүшүү:

Тарыхта калба, Тайырбек!

Тайырбек Сарпашев мамлекеттик каттоо кызматына барганы артынан “тонналаган” сөз ээрчип жүрөт. Алты эмес, ар ай сайын улам бир сындын бутасына кабылат. Жасалма паспорт чатагы, “жалтыраган” авто номурларды жасоодогу мандемдүү тендерлер… Санай берсе толтура. Аны деле тоготпойт. Кыязы, колдогон кожосу күчтүү окшобойбу? Эми өткөндө: “Мага, парламенттик шайлоону эскиче бурмалап берсең 1,5 миллион доллар берем” дегендер болду. Ал партия азыр парламентте отурат” деген сөзүн балп эттирди. Бул өтө чоң билдирүү. Мыйзамды сыйлаган мамлекеттерде мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдын мындай билдирүүсү өтө чоң чырды жаратмак. Керек болсо, Т.Сарпашев өзү билип, туруп мындай кылмыштуу окуяны жашырганы үчүн жоопко тартылышы керек болчу. Андай берене кылмыш кодексинде бакыйып жазылып турат. “Эл тынчыса да Элчибайдын баласы тынчыбай койду” дегендей, анын акыркы кадамы өтө эле чектен чыгып кетти окшойт. Өзгөчө жаңы үлгүдөгү паспорттон “улуту” деген графаны алып салуу аракети. Эл менен эсептешпей эле айтып жатат ал: “Жаңы паспорт үлгүсү мекемелер аралык комиссиянын отурумунда каралып, бекитилген соң юридикалык күчкө ээ болот. Анан ушул жылдын аягында колдонула баштайт” деп. Ушунчалык өзүм билемдикке даай алган бул “оюндун” артында кайсы “дөө-шаа” турду экен? Бул туурасында Жогорку Кеңештин салмактуу делген депутаттарынын бири Мыктыбек Абдылдаев терс пикирин билдирди. Эл өкүлү суроосун түз эле парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековго сунду. “Ким ага мындай укукту бериптир? “Улуту” деген графа кимге жакпай жатат? Бул аракети үчүн Сарпашев кечирим сурашы керек” деди. ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков да Т.Сарпашевдин бул кылыгына чындап таң калып жатканын билдирди. Анын бул жаратмандыгын Батыштан “тамактанган” бир топ НПОчулар да колдоодо. Таңгалыштуусу, мамлекеттик коомдук канал болгон КТР дагы Сарпашевдин аракетин колдогон сюжеттерди байма-бай көрсөтүүдө. Эгерде паспорт маселесиндеги бул “оюн” токтобосо, кыргыз мамлекетиндеги кыргыз улутундагылар арасында өтө чоң чырды жаратышы мүмкүн. Сүйкөнбөчү жерге сүйкөнөм деп таптакыр кир болуп калбаса болду бул жигит…

Сом

Бюджет деле көбөйүүдө, бирок, жетпейт. Эмнеге?

А.Акаев аңтарылган 2005-жылдагы бюджетибиз 18 миллиард сомду түзгөнү айтылат. К.Бакиев качкан жылы мамлекеттик куржундагы акча 60 миллиардан ашыптыр делет. Азыр болсо (2016-жылдын бюджети менен карасак) 146 миллиард сомду түздү дешет. Бирок, баардык жерде акча жетпей жатканы айтылат. Көрсө, мамлекеттик акчаны, чет жактан келген гранттарды сормо саздай соруп кетчү схемалар өтө эле көбөйүп кеткен белем? Ал эми “андайларга каршы күрөшөбүз” дегендер жөн эле “картон арстанга” окшоп калган окшобойбу? Болбосо, “айда туусам айда жок, айда жылаан жеп кетет” деп балапандарын жылаанга жем кылган армандуу бир канаттуу муңкангандай, чиновниктер тарабынан ичип-жемейлер, жат көрүнүштөр, көйгөйлөр туурасында күндө айтылат. ММКлар да канчалаган терс көрүнүштөрдү, кадрдык алешемдиктерди көзгө сайып көрсөтүп берип жатып, эстери оогондой деле эле болду окшойт. Өйдөкүлөрүбүз болсо “жашообуз өсүп баратат” дейт. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, ушу тапта Кыргызстандын элинин үчтөн бири жакырчылыкта жашап жатканы айтылууда. Алардын расмий эсептөөсүндө 2015-жылы жалпы калктын 32,1 пайызы жарды жашаары айтылат (расмий эмес маалыматта андан да көп болушу мүмкүн). Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көбөйүптүр. Ал эми 2016-жылдын өткөн 5 айындагы көрсөткүчтө андан да жогорулаганын айтышууда. Ошол эле учурда: “Азыр Кыргызстанда 132 миң бай бар. Алар акчаларын каякка чачаарын билбей жатышат” деп парламент трибунасында “бутунан чачына чейин финансист” болгон бир депутат жар салып чыкты… Кээде айласыз ойго кетесиң, биздин мамлекет башчыбыз “бүгүнкү мамлекеттик кызматтарда кимдер отурат, алардын колунан бир нерсе келип жатабы?” деген суроого түйшөлөбү? Өзү менен өзү калган учурларда…

Жапаров

Эр жигит элинин ичинде болот…

Кыргыз саясатында Акылбек Жапаров аттуу акылдуу, өтө айлакер жигитибиз бар. Кезинде (2005-жылы) “мандат оорусу” менен катуу ооруп, чоң атасы Т.Усубалиевге асылып, “Долондун” берки бетин ызы-чуу кылып, кийин “атышып”, анда бир элге жаман көрүнгөн. Өзгөчө кочкорлуктардын А.Жапаровдон айныганы 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо байкалган. Анда Акылбек: “Кочкордон “Акжолго” 80 пайыз добушту сатып алсам да салдырып берем” деп Ө.Текебаев менен байге сайышып, анте да албай утулуп калган. Бакиев доорунда 1-вице-премьер-министр болуп турган кезде көпчүлүктү, ириде нарындыктарды ичирткенткен бир окуя жердештеринин эсинен али да кете элек. Анда (2010-жылы, февралда) Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри Казы Дикамбаев каза болуп, А.Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын комиссия башчысы болот. Мамлекеттик ишмер менен коштошууга бир топ эл жыйналат. Бирге иштешкендери коштошуу сөздөрүн сүйлөйт. Ошондо Акылбек өлкөнү 24 жыл башкарган чоң атасы Т.Усубалиевге сөз бербей, жаш баладай томсорткон. Балким, А.Жапаров ошондо өзүн өтө бийик сезип, бийликтин бийик кумарына баткан кезидир? Бирок, анын мындай кылганына Теңир-Тоолук жердештери өтө капа болгон. Эми кечээ жакында Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өткөн Сарыбагыш уруусундагылардын 450 киши катышкан курултайында тим эле асманды сүйлөдү дейт. Сүйлөгөн сөзүнүн төркүнүндө “улууну урматтаган” андан ашкан киши жоктой болуп. Анын докладынын даамдуулугуна далайлардын “шилекейи агыптыр”. Анчалык акылы, “ыйманы” ашып-ташып жатса, айрым кетирген каталарын эстеп, Ыйык Орозонун күндөрүндө маркум Т.Усубалиевдин арбагына Куран түшүрүп, аз да болсо жандүйнөсүн тазалап алганга жараар бекен? “Ушундай улуу күндө элиңдин абалын бир көрүп, аралап келсеңчи, парламентте отуруп алып акылдуусуна бербей” дегиң келет экен? Болбосо, шайлоо маалында өз журтуңду аралай албай, Бишкектин бир кварталында “алты кемпирди” чогултуп алып агитация жүргүзгөнүңдү ошол эле жердештериң айтып жүрөт. Эл жаманды да, жакшыны да билет. Эсте тутат…

Салянова 4

Салянованы “сазга” сүйрөшүүдөбү же?..                                                                            

Мындан бир жарым ай мурун болсо керек, бийликке ыктаган салмактуу басылмалардын бири А.Салянова туурасында кызыктуу бир маалыматты жазып чыгышкан. Ал маалыматта Салянованын 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышаарын болжолдошуп, экс-башкы прокурорду “казак бийлигинин эң жогорку жагындагы “табышмактуу адам” колдоп жатканын, ал адам чоң шайлоодо Саляновага демөөрчүлүк кылаары, ал туурасында жакында жалпыга жарыяланаары” боюнча айтылган. Ошол бойдон “жалпыга” жарыяланган жок. Кечээ жакында болсо, анын агасын “адам өлтүрүү иши боюнча” ИИМге суракка чакырылды. Муну депутат айым, бир кезде башкы прокурор болуп турганда андагы “зам министр”, учурда ИИМдин министри К.Жунушалиевге (2012-жылы, февралда) курал сатуу боюнча “Логик” эл аралык борбору” аттуу коммерциялык мекемеге мыйзамсыз лицензия бергени боюнча кылмыш ишин козгогонун айтып, генерал Жунушалиев “ошол иш үчүн азыр менден өчүн алууда” дегендей сыпаттады. ИИМ болсо Салянованын агасын “профилактикалык иштер боюнча” чакырганын айтууда. Аны менен бирге эле А.Салянова акыркы учурда анын жакындарына, үй-бүлөөсүнө кандайдыр кысымдар күчөгөнүн айта баштады. Бир карасаң чынында Саляновага акыркы учурда “саясый фронттун” дээрлик баардык тарабынан чабуул башталгандай. Кызык жагдай… Булардын баары жөн гана дал келүүбү же кимдир бирөөлөр тарабынан Аида Жеңишбековнаны чын эле “сазга” сүйрөө аракетиби?..

Булак: “Азия news”    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: