Menu

ЕАЭБдин курамында Кыргызстан канчага чейин кодуланат?

Бөлүшүү:

Кыргызстан Бажы Биримдигине кирсе, агрардык өлкөбүздөн өндүрүлгөн мөмө-чөмө, жер-жемиш, азык-түлүктөр биримдикке кирген 200 миллиондон ашуун калкы бар базарга экспорттолоору, бу жагынан дыйкандарыбыз кыйла жетишкендиктерге ээ болоору айтылган. Тилекке каршы, бүгүн андай “таттуу тилектердин” бири жок. Тээ ала жазда Казакстанга экспорттолуп турган “экинчи наныбыз” болгон картошканы да ашыналар киргизгенге тыюу салышты эле өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршенович бул ишке өзү кийлигишип, маселени чечкени бар. Колдо турган малды да сыртка экспорттой албай, ушул күндөргө чейин эл аралык стандарттарга туура келген тийиштүү лабораториялар курулбай келүүдө. А сыртта дыйкандарыбыздын жазында эккен түшүмүнүн алгачкы мөмөлөрү жыйнала баштады. Мындай шартта биздин дыйкандар качанкыга дейре түшүмдөрүн тыңгылыктуу баага сата албай, мукурашы керек? Дал ушундай көйгөйлүү суроолорго адистер менен бирге жооп издедик.

 

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты:

– ЕАЭБге кыргыз мамлекетинин киргенинин негизги максаты, өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин базарын өз базарыбыздай пайдаланууну максат кылганбыз. Бирок, тилеке каршы, ЕАЭБдин курамындагы кээ бир мамлекеттер биздин кыргыз мамлекетине жасап жаткан мамилеси таң калыштуу болуп жатат. Мындай мамиле менен жүрүп отурушса, анда ЕАЭБдин курамы биз үчүн канчалык деңгээлде пайдалуу же зыяндуу экени каралып чыгышы толук мүмкүн.

 

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты:

– Туура, ЕАЭБге киришибиз менен дыйкандардын үмүтү толук 100 пайыз аткарылды деп айта албайбыз. Биримдикке алгач кирип жатканда “200 миллиондон ашуун калкты тейлеген базар ачылат, айыл-чарба өсүмдүктөрүбүз үзгүлтүксүз сатылат” деген жалындуу сөздөр айтылган. ЕАЭБдин өзүнүн 10го чукул атайын талаптары бар. Алардын ичинде мал чарбачылыгы боюнча идентификация, аккредитациядан өткөн заманбап лабораториялар аркылуу сертификат алып өтүш керек. Ветеринардык дарыгерлерге атайын зоналар бөлүнүүсү абзел. Бүгүнкү күндө 3 миңге жакын жеке ветеринар атайын зоналар боюнча иштеп жатышат. Ал эми жер-жемиш, фитосанитария боюнча маселелер бир аз жеңилирээк болууда. Бүгүнкү күндө бизден өндүрүлгөн жер-жемиштер толук эмес, жарым-жартылай болсо да экспортко өтүп эле жатат. А бирок, азырынча биздин ЕАЭБге даяр эмес болуп туруп киргенибиз байкалып калды. Андыктан, азыркы өкмөт түздөн-түз эпизотикалык абалга, вакцинация менен камсыз кылганга карата 131 миллион сом каражат бөлдү. Идентификация боюнча өкмөттөн токтом чыгып, ири мүйүздүү малдарга бирка басууга азыр тендер жарыяланды. Албетте, мындай иштердин баардыгы өтө узак процедура. Буга чейин ЕАЭБдин курамынан атайын түзүлгөн комиссия өлкөбүзгө 6 ирет келип, 6 жолку сапарында тең биздин бул жааттагы абалыбызды талапка жооп бербегендигин аныктап кетишти. Азырынча сүт, жер-жемишти кайра иштетүүчү 14 айыл-чарба ишканалары атайын тизмеге кирди. Ошол тизмеге киришкен ишканалар аркылуу талапка жооп берген продукцияларыбызды экспорттоого мүмкүнчүлүк болот. Мурункудай “аткезчилик же кандайдыр бир “сыйкырдуу жолдор” аркылуу өндүрүлгөн түшүмдөрдү чек арадан алып өтүп кетем” деген ойдон алыс болушубуз керек. Өкмөттүн курамын өзгөртүү боюнча да премьер-министрдин сунушунда айыл-чарба, суу, тамак-аш жаатында реформаларга жол ачкан иштери башталды. Айыл-чарба министрлигинин алдында заманбап агентство түзүлгөн турат. Бул структура дыйкандарыбыздын өндүргөн түшүмдөрүн сыртка экспортко чыгаруу машакаты менен алектенип, көйгөйлүү иштердин чечилишине жол ачмакчы.

 

Тургунбек Кулмурзаев, экс-губернатор:

– Жогорудагы силер белгилеген алешемдиктердин баардыгы ошол убактагы өкмөттүн кылган ишинин жыйынтыгы да. ЕАЭБге кирээр алдында өкмөттөгүлөрдүн айтканы эсиңердеби? “Биримдикке киргенге кол койсок, чек араларыбыз ачылса эле элдин баары жыргап калышат” дегенин ким унутту дейсиң? А бирок, биримдикке киргендин ичинде да көп маселелер бар болчу. Маселен, андагы Темир Сариев башында турган өкмөт ошол эле карантин көйгөйү, лабораторияларды куруу өңдүү иштерди биз укканда “лабораториялар беш-алты жерге курулуп, бул жааттагы маселелер чечилди, ачсак эле эми тиешелүү уруксат кагаздарын алып алышып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө сата беришет” деп айтышканда “жыргап калбадык” беле? Биримдикке алгач киргенде чек арага эки өлкөнүн өкмөт башчылары официалдуу ачылыш расмисин кылышып, абдан жакшы “шоу” болбоду беле? Ошондо элдин баары “картошканы жүктөп алып, экспортко чыгарып, сатабыз” дешип жыргай түшүшкөн. Мына 1 жылга жетпей Нарында картошкалардын өтпөй, чирип жаткандыгын көрдүк. Биримдикке кире элек, чек араларыбыз ачыла электе бизде картошканын баасы 30 сомго чейин чамалап чыкчу эмес беле? Биримдикке кирип, чек араларыбыз ачылганы менен картошкабызды Казакстан өткөрбөй, кайдагы бир шылтоолорду айтып жатат го? Казактарга картошкабыздын оорусу жок экендигин тактаганга лабораториябыз жок экен. Мунун айынан казактар картошкабызды “оорусу бар экен” дешсе, унчукпай отуруп калдык. Мындай алешемдиктердин баардыгын карапайым эл тынбай айтып жатышат. ЕАЭБге киргени эки өлкөнүн бажы кызматтарын алып, чек арачыларды коюп коюшту эле Казакстандын чек арачылары азыр бажычылардан да жаман экенин айтышууда. Айтор, санай берсең сөз көп. Билбейм эми, кайсы жагынан жыргап кетээрибизди? Албетте, биримдикке кирген багытыбыз туп-туура. Бирок, ушуга жакшылап даярданбай кагазга кол коердо “эптеп эле кирип кетели” деп кыргызча уруп киришсе керек.

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: