Бүгүн Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн республикалык бюджетине өзгөртүү киргизип, Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна кошумча 1 млрд сом өлчөмүндө каражат кароо сунушун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле тармактык комитет жергиликтүү жолдорду калыбына келтирүү багытында бюджеттен 10 млн сом өлчөмүндө каражат кароо чечимине келди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ