Жалал-Абад шаарында жаңыдан наамга ээ болгон көп балалуу энелеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө президентинин жарлыгы менен май айында Жалал-Абаддагы 27 көп балалуу энеге “Баатыр эне” наамы, ошондой эле дагы 7 энеге “Эне даңкы” медалы ыйгарылган. Бүгүн шаар мэриясында шаар жетекчилеринин, мэриянын аппаратынын жана сыйлыкка ээ болгон көп балалуу энелердин жакындары катышкан салтанат болуп, энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Т. Темирбаев 27 энеге “Баатыр эне” наамын күбөлөгөн ордендерди жана күбөлүктөрдү, 7 энеге “Эне даңкы” медалдарын тапшырып, аларды куттуктоо менен жакшы каалоолорун билдирди. “Кыргызстандын өсүп-өнүшүгү үчүн сиздер төрөп-тарбиялаган балдарыңыздар бүгүнкү күндө өздөрүнүн салымдарын кошуп жатышат. Алардын ар бир ийгилиги – сиздердин ийгилик, Кыргызстандын ар бир жетишкендиги – сиздердин жетишкендик. Бар болуңуздар, апалар!” – деди Т. Темирбаев куттуктоо сөзүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ