Бишкектен “Манас” аэропортуна чейин курулуп жаткан жол сапатсыз болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлүнө алуусун сурады.
“Бул жол өтө эле сапатсыз курулуп жатат. Көп болсо бир, эки жылдын ичинде талкаланат. Жол салуу үчүн тендерди уткан компанияны текшерип, кемчиликтер болсо кылмыш ишин козгош керек. Биздин сырткы карызыбыз 3 миллиард доллардан ашты, ошонун 30 пайызы жолдорго кетет. Биз мынча акчаны кайдан табабыз? Ошондуктан, Сооронбай Шарипович, бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, карап чыгыңыз”, – деди Бабанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ