Балыкчы-Корумду жолу бүтпөгөн жомок болуп калды. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында башбакан Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган жолго акча табуу кыйынчылык жаратып жатканын айтты.
“Акча маселеси чечилбей туруп башталган бул жол бир топ маселелерди жаратып жатканы чын. Азыр 1 миллиард сом акча таап бердик. “Көчмөндөр оюндары” башталганга чейин бүткөрүүгө аракет кылабыз”, – деди Жээнбеков.
Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин убагында башталган Балыкчы-Корумду унаа жолуна “Мегаком” компаниясын сатуудан түшкөн акча жумшала турганы айтылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин “Мегакомду” ала турган кардар чыга элек. Ал эми жол куруудагы тендер чырынан Т.Сариев өзү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ