Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы шайланып, иштей баштады. 27-июнда анын алгачкы жыйыны болуп, төрага, эки орун басары шайланды. Төрага болуп Нуржан Шайлдабекова, орун басарлары болуп Абдыжапар Бекматов менен Атыр Абдрахматова шайланды.
Төраганын кесиби юрист, буга чейин ал президенттик аппарат башчынын орун басары болуп иштеп келген. Булардан сырткары, БШК мүчөлөрү Алмаз Асаналиев, Адилет Сатыгулов, Акылбек Эшимов, Бахтияр Кадыров, Гүлнара Джурабаева, Гүлнара Баатырова Елена Жилкичиева, Кайрат Осмоналиев, Назарали Арипов.
Баса, 2011-жылдан бери өзүн өзү билип, өтүгүн “илибой” жерге илип чалчактап келген Туйгуналы Абдраимов “чийинден сырт” калды. Анткени менен жакшы тоюнуп кетти дешет, маселен, “Кыргызстан” менен “Республика-Ата-журт” партияларынан алчусун “олчойто” алган деген имиш кеп бар.
Баса, 2001-2006-жылдары да БШКнын эки тизгин, бир чылбырын колуна алып, бир топ чакчелекейин чыгарган. Интернет-сайттарда Туй байке тууралуу дагы бир кызык кеп тарады. Көрсө, кадимки “серый кардинал” Икрам Илмянов кезинде анын айдоочусу болгон турбайбы, кийин Атамбаевге “мыкты айдоочу, ишенимдүү жигит” деп дал Туке мырза сунуштаптыр.
Булак: “Багыт kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ