7-апрель баатыры Дуулат Турдуналиев мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелип, издөөгө алынганы белгилүү. Эгер Дуулатты кармагысы келсе, УКМК оңой эле кылтакка илмек беле? Табышмак. Сыягы, кичи мекениндеги калың элдин колдоп кетишинен чочулашты окшойт. Айрым маалыматтар боюнча, ал жашырынбай эле Жамбыл менен Таластын ортосунда жүргөнү чынбы?.. Эсиңерде болсо керек, 2010-жылы 6-апрелде эл тарабынан Таласта бийлик алмашканда, дал ушул Дуулат облустук администрацияны биринчи басып алып, агездеги бакиевчи аткаминерлердин баарын өз колу менен сабаганы легендага айланып жүрөт. Башкасын айтпасак да, Молдомуса Конгантиевди билесиңер да. Ошондо бир гана Акылбек Жапаров амалдуулук кылып, Дуулаттын колуна тийбей калыптыр, эгерде илингенде соо калмак эмес. Кыскасы, мизи кайткан Болот Шер үчүн туруп берип, ошол 6-апрелде эл тарай баштаганда жоктон барды жаратып, бийлик менен кагылышуу кылгандан кийин Дуулаттын аты чыгып, бирок, революционер баатыр катары эмгеги бааланбай калганы кандай? А бүгүн болсо куугунтукта жүрөт. Мына ушунун баарын таластыктар Болот Шердин айынан болгонун эстешип, нааразы болуп атканын эшиттик. Жаш баланы саясаттын тегирменине салып берип, өзү четте карап турганы Кудайга жагабы?..
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ