Menu

Шайырбек Абдырахманов, журналист: “Адахан Кимсанбаевич, силер бир күчкө бириге албай чамгарактап жүргөнчө силердин ордуңарды улуттун кызыкчылыгын уруп таштагандар ээлеп алышууда!”

Бөлүшүү:

Адахан Мадумаров “Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун  аспектилери, негизги коркунучтар жана аларды жайгаруунун жолдору”  аттуу тегерек үстөлдө коопсуздук жана ички душмандар, ошондой эле алардын зыяны жөнүндө кеп кылыптыр.
Адахан Кимсанбаевич, сиз айткан проблемаларды оңдосо болот.
Андан башка негизги коркунуч, негизги ички көйгөй бар  Адахан Кимсанбаевич!
Биринчиси:
Эң негизги коркунуч жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өтө чоң кедергисин тийгизип жаткан жагдай, биздин беделдүү саясатчыларыбыздын өз ара тил табышып, биригише албай, өзүнүн жеке МЕН гана деген төш кагууларынан улам күчсүз, кубатсыз араң жандарга айланышы деп эсептейт элем.
Экинчиси:
Кыргыз саясатындагы алдыңкы адамдардын ошондой бири бирине “кергиштеген” мүнөздөрүн сиз айткан “ички коркунуч” жаратуучулар абдан жакшы билип алышкан жана силер менен жалгыздатып эсебиңерди таап келатышат…  Бөлүнгөндү бөрү эле эмес, бөлтүрүктөр эле бөктөрүп кетишип жатышат го…
Үчүнчүсү:
Күн санап убакыттын тарып баратышы…
Аттиң…
Бир күчкө бирикпей “чамгарактап” жүрө берип чаалыгасыңар акыры!
А силердин ордуңарды ийменчээк, ийилчээк, максатына жетүү үчүн улуттун кызыкчылыгын да уруп таштаган, мамлекеттин “слабый зонага” айланмактан жерге кирсе да түйшөлбөгөн “жестокий” “слабактар” ээлеп алышат, мына чыныгы коркунуч!

Шайырбек Абдрахманов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: