Menu

Бүгүн, 4-июлда өлкө аймагында күтүлүүчү аба-ырайы

Бөлүшүү:

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн, 4-июлда өлкө аймагында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күндүн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 26…28 градус жылуу болот. Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 30…32 градус болот. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Баткен аймагында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31, Жалал-Абад областында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33, Ысык-Көл областында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25, Нарын областында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градуска күн жылуу болот.

Шашылыш билдирүү: 2016-жылдын 2-7 июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: