“Азыр эле “Элдик парламенттин” лидерлери Бекболот Талгарбеков менен Марат Султановду УКМКнын кызматкерлери күч колдонуп кармап кетишти”, – деп билдирди Kyrgyztjday.kg маалымат агенттигине “Элдик парламенттин” коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Аскер Сакыбаева.
“Биз азыр алардын артынан УКМКга баратабыз. Кошумча маалымат болору менен билдиребиз”, – деди Аскер Сакыбаева.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Элдик парламент” 17-майга чейин Алмаз Атамбаевди кызматтан өз эрки менен кетет деп убада кылып келаткан.
Булак: Kyrgyztjday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ