Menu

Криминал менен байланышы бар тартип сакчылары погондорунан айрылды

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдарында иштеп, бирок уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен ымаласы бар деп шектелген алты кызматкер жумуштан бошотулуп, жоопкерчилиги карала турган болду.

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүп, күч түзүмүнүн ичиндеги ыкчам маалыматтарды жеткирип, керек учурда алардын качып кетүүсүнө шарт түзүп берген деп шектелген алты кызматкердин бирөө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында, калгандары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында иштеп келишкен.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, күч түзүмүндө буга чейин деле милициянын аброюна көө жапкан кызматкерлер тууралуу маалыматтар болгон, бирок соңку окуя 2010-жылдан бери алгач ирет катталып, ачыкка чыгып отурат.

“Азыр кызматтык иликтөө аягына чыга элек. Соңунда аларды дагы укук коргоо органдарынан биротоло кетиреби же алардын жоопкерчилиги каралабы – бул такталып жатат”,-деди Сеитов.

Мындай окуялардан соң ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милициянын кадыр-баркына шек келтирип, коррупцияга чырмалгандарды ачыкка чыгаруу жараяны өлкө боюнча күчөтүлөрүн билдирген.

Жакында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды ишке ашыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, бир нече укук коргоо органында түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, бири-бирин кайталаган органдар жоюла турган болууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: