Menu

Качкын Булатов: “”Милициянын таза эмес ишин көрүп туруп, кантип урмат-сый көргөзүп, кантип кылмышкер генералдарды сыйлайбыз”

Бөлүшүү:

Көз карандысыз мамлекет болгондон бери ажолорбуз генералдык наамды катар-катары менен таратууга өттү. Балким, ушунун негизинде наамдын баркы кетип, “генералдарыбыздын” баасы түшүп, акыры түбү, саны бар, сапаты жок “жасалма” генералдар дагы өлкөбүздү экономикалык кризиске такап жаткан жокпу? Балким, иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жатпасын?

Мамлекеттин коопсуздугун сактап, мүлкүн кайтарам деп ант ургур генералдар тескерисинче өлкөнүн казынасын уурдап, мүлкүнө кол салып, коопсуздукту камсыз кылуунун ордуна уюшулган кылмыш топторду уюштургандыгы калппы? “Генерал” деген наамга жетиш үчүн мамлекет, эл үчүн татыктуу, таза эмгек, абийирдүүлүк менен ак кызмат өтөө зарыл.  Калктын алдында эмгеги сиңип, эл ичинде бааланып, кадыр-баркка жетиши керек. Көрүнүктүү иши жок туруп, болор-болбос себеп менен бийликке келип,  кайсы бир деңгээлде даражага ээ болуп, болбой турганында эле “шалп” эттире “генерал” наамын бере салуу акылга сыйбаган иш болуп жатпайбы. Ошол эле генерал коррупциянын башаты болуп, мамлекеттин жана жеке менчиктин мүлктөрүн уурдап, ууруларга көмөкчү болуп келишкени калп эмес. Экс-вице-премьер Шамил Атахановдун айтымында, бир эле коррупцияга аралашкан милициянын зыяны бир криминалдык топту басып өтөт. Ал эми ИИМ министри же орун басарлары эмне деген зыян келтирип жатышат? Өлкө башчылары алардын келтирген зыяны алаканга салгандай көрүнүп турса да, “генерал” деген наамды ыйгарып жатканы өтө кейиштүү көрүнүш.

“Балык башынан сасыйт” дегендей, башындагы министрлер паракор болуп, жемкорлук менен алектенгени үчүн ылдыйкы участкалык милиционерлерге чейин сый пул талап кылып, жеңил акчаны көздөгөн жолдорго түшүп кетип жатышпайбы. Өлкөбүз демократиялуу болгону менен бийлик индульгециясы – бийликти сатып алуу көрүнүшү орун алып, акчага айыпкерлердин күнөөсүн кечип, жазадан куткарып атат. Ошого карабастан, генералдык бийик даражага жетишип жатканын көрүп келатабыз. Саат сайын параны жен ичинен оргуштатып алган жол кайгуул кызматкерлерине мыйзамдын ченеми барбы? Албетте, жок. Жол кайгуул кызматынын чогулткан акчасын бөлүшүп олтуруп, акыры министрге чейин жетип жатканы жалган эмес. Ошентип, жеке кызыкчылыгын көздөп, акча алуу менен алек болгон тергөө, ыкчам иликтөө топтору, экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча иштеген күч органынын тамтыгы чыгып бүттү. Ал эми кылмыштарды жаап-жашыргандыгы үчүн күч структураларынын кызматкерлерине мамлекет кайра кадырлап, “генерал” деген наамды берип, 50-60 миң сом менен пенсияга чыгарып коюп жатпайбы. Ал эми карапайым калк болор-болбос, турмушуна өп-чап жеткен 2 700 – 4000 сомдун тегерегинде пенсия менен күн өткөрүп жатканда, калыстык кайда деген ой кетет. Ушундан улам ички иштер тармагында, каржы полициясында, УКМКда, мамлекеттик салык кызматында, аскер кызматында иштегендердин  алган наамдарын кайрадан карап чыкпаса болбойт.

Беш миллион калктын бир миллиону гана мыйзамдуу салыктарды төлөшөт. Анан калса ошол салыктан чогултулган мамлекеттин бюджетиндеги каражаттарды дагы жөн койбой уурдашып, калганын генералдар калпып кеткенден кийин жөнөкөй жарандарга жугу да калбайт. Генералитеттерди өлкөгө ири зыян алып келген “персоналдар” катары урматтаганыбыз туура эмес го. Логика кайда, орустар айткандай, “битый не битого везёт”. Же “кылмышкер” милицияларды урматтаганыбыз туурабы. Бийлик алмашса эле, команданы кайра түзүү зарылдыгын бетке кармап, ИИМдин жетекчилигин кошо алмашатыра салышат.  Кызмат өтөп келген милицияга кайрадан башынан команда түзүүнүн зарылдыгы канча, же бул бизнес же админстрациялык иш болбогондон кийин, ак кызмат өтөөгө ант берген бийлик болгондон кийин улам ордун алмаштыра берүү логикага туура келбейт. Ак ниети менен кызмат өтөйүн деген милиция кызматкерлери жокко эсе, тандалбай туруп, тандалса дагы жердеш, тууганчылык, регионалдык система менен кызматка көтөрүлгөн милициянын кереги барбы, андайлардын пайдасынан зыяны  коп. Эгерде кызмат өтөп көтөрүлгөн милицияны көп эле алмаша берсе, мамлекетке зыяны эле тийет. Анда акча чогултуу менен алек болуп калат, азыркы милиция кейпиндей. Мындайды тез аранын ичинде токтотуш керек. Бир тармагын реформа кыла албаган милицияга эмнеге урмат-сый көргөзөбүз, же тергөөнү түзүк алып  бара албаса, кылмыштарды жашырса, согуш болбосо да, жол кырсыгынан алты жылдын ичинде он миң адамдын өмүрү кыйылыптыр, ким жооп берет, же жанагы паракор генералдар жооп береби. Жылына он миңден кем эмес кылмыш иш козгошот, ошонун 80 % кайра токтотот, ар бир кылмыш токтоткон – бул акча, ошондой амалданууга ким жол берет, так ушу генералдар. Кылмыштуу уюшкан топторго алака түзүп, мамлекетке жана коомго коркунуч жаратып жаткан үчүн ким бизди коргойт. Айтор милициянын таза эмес ишин көрүп туруп, кантип урмат-сый көргөзүп, кантип кылмышкер генералдарды сыйлайбыз

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дегендей, кеч болсо дагы мындай кырдаалды оңдоп кетүүгө болот деп мен ишенем.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: