Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым өлкө аймагындагы кырдаал жөнгө салына баштаганын билдирди. Өкмөттүк аскерлер төңкөрүшчүлөр басып алган мекемелерди кайтарып алды. Анткен менен Стамбул жана Анкара шааларында абал толук тынчый элек. Кээ бир райондордо ок атышуулар, жардыруулар болуп жатканы кабарланууда.
Маалыматтарга караганда учурда аскердик төңкөрүш уюштурган 1600гө жакын адам колго түшүрүлдү. Алардын арасында полковниктер, генералдар дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ