Өлкө аймагында 21-июлда күндүз жана 22-23-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ