Menu

Өкмөт башчы Жээнбековдо жеңил унаасы жок, трактору бар

Бөлүшүү:

Мамлекттик кадр кызматы аткаминерлердин жыл бою иштеп тапкан акчалары менен, өмүр бою чогулткан мүлктөрү тууралуу маалыматты жарыялады. Андан азыркы министр, депутаттардын көпчүлүгү алган айлыгы менен эптеп жан багып жатышканын көрүүгө болот. Арасында үйү жок ар кайсы жерде жашап, уунаасы жок темселеп жөө жүргөндөр дагы арбын. Бул албетте алардын декларацияда көрсөткөнү боюнча. Ал эми кагазга түшүрбөгөн кабат-кабат үйлөрү, катар-катар унаалары тууралуу сөз такыр башка. Биз бүгүн өкмөттү жетектеп жаткан Сооронбай Жээнбековдун тапшырган баракчасына баш багып көрдүк. Көрсө башбакан чындап эле чарбачыл киши окшойт, анткени анын жеңил унаасы жок экен. Бирок, МТЗ-80 деген тарактору бар. Мындан сырткары үйү, дачасы, сарайы, жер тилкелери жана соода дүкөнчөсүн өзүнө каттатыптыр. Көп жылдардан бери жогорку кызматтарда иштеп, мамлекеттик унааларды пайдаланып жүргөн Сооронбай мырза жумушунан шыпырылса, өзүнүн унаасы жок болсо, эмне, трактор минип калабы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: