Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүү боюнча арызы президент Алмазбек Атамбаевдин иш столунда жаткандыгы боюнча кабарыбыз бар. Учурда анын арызына Атамбаев качан кол коёт деп эле күткөндөр. Бирок кийинки баш прокурор ким болоору коомчулукка абдан кызык. Угушубузга караганда Ош областынын прокурору Айбек Турганбаевдин талапкерлиги каралып жаткандай. Чукугандай сөз тапкан, илибой жерден жана илибой кырдаалдан чыгып кеткенди жакшы өздөштүргөн Айбек Калмыковичти Оштун эли абдан колдошот экен. Ал акыркы беш жылда Ошто областтык прокурор болуп иштеп, элдин тилин таба билген, элге жакын болгон. Анын пайдасы эле тийбесе, зыяны тийген жок. “Айбек Турганбаев Башкы прокурор болушу керек” – дешип, түштүктөн активисттер кайрылуу жолдошуптур. Алардын пикирин гезитке кыскача маалымдайбыз. Калмыкович Жолдубаеванын ордуна барып калса жаман эмес.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ