Спикер болгонуна манчыркаган Чыныбай Турсунбеков дагы кутуруп кетиптир. Мамкүзөт кызматы жана МАИнин коштоосунда кетип баратып, магистралдагы «Акун» аттуу үйүнө шатыра-шатман коштоочулары менен киргени, андан соң Киргизиядагы Акүйдөн саал кичирээк салып аткан үйүнө байырлап, кызматкерлердин кыжырына тийгени кандай? Чыкенин “прораб” болуп кеткенин айтышып, “манты кулактар” күлүшүүдө. Адатта, спикер катары резиденцияда жашап атканына тойбой, «Киргизиядагы үлкөн курулушу менен алектенип, жеке басып жыгылган жоруктарына эл кандай баа берет? Спикер мырза ырыскысын көтөрө албай, мамлекеттик этикадан сырт кетип, тескери тебинсе кыргыз эли не дейт? Буюрса, күздө сөзсүз бул боюнча чатак болот…
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ