Menu

Метин Кылыч, элчи: “Түркия Кыргызстандын БУУга жана башка эл аралык уюмдарга болгон мүчөлүк взносун төлөп келе жатат”

Бөлүшүү:

Түркия тарап кыргыз ТИМи тараткан билдирүүнү түрк тышкы иштер министринин айткан сөзүнүн төркүнүнө түшүнбөй туруп жасалган деп баалайт. Бул тууралуу АКИpressке берген маегинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч билдирди.

“Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкө катары Кыргызстандын БУУга жана башка эл аралык уюмдарга болгон мүчөлүк взносун гранттар аркылуу төлөп келе жатат”,  – дейт Кылыч.

Элчинин айтымында Түркия кыргыз өкмөтүнүн жана өлкөнүн ички иштерине кийлигишкен жок. “Биз Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн өз жарандарына багытталган билдирүү деп билебиз. Бирок, ал шашылыш жасалган кадам болду. ТИМ өзүнүн башка өлкөдөгү элчилиги аркылуу билдирүүнү жазуу түрүндө колго алып, ошого жараша көз карашын билдириши керек эле. Ал эми маалымат каражаттарында айтылган сөзгө комментарий берүү туура эмес”, – дейт элчи.

Түркиянын ТИМинин башчысынын айтканы боюнча Метин Кылыч: “Түркиянын тышкы иштер министринин айтканы түздөн-түз Кыргызстанга тиешелүү эмес. Эгер андай болгондо телефон чалып, же нота аркылуу билдирүү жөнөтмөк. Мындай сөздөр митиг учурунда айтылган. Ал жерде АКШнын дарегине дагы катуу сын айтылган. Бул сөздөрдү жүрөккө жакын кабыл албаш керек”, – деп билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: