Биринчи Бишкекте пайда болуп, кийин Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен бүткүл өлкөгө жайылган “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жарнактар коомчулук арасында ар кандай пикир жаратып, эки жаатка бөлүнүп, акыйнек айтышкандар арбыган. Кээ бир райондорда аталган баннерлер айрылып, айрымдарын жергиликтүү элдер өрттөп да салышканы белгилүү. Ал эми бүгүн Бишкектин Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жарнактар пайда болду. Анда мурдагыдан айырмаланып чүмкөнгөн кыздардын ордуна ачык кийингендердин сүрөтү коюлуп, баягыдай эле “Кайран элим, кайда баратабыз?” деп жазылыптыр.
Фото: Limon.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ