Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын тизмеси боюнча Болотбек Ибраимжановго депутаттык мандат берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал жакында эле БШК тарабынан мандатынан ажыратылган Жыргалбек Саматовдун ордуна келди.
Эске салсак, Болотбек Ибраимжанов өткөн жылдын декабрь айында депутаттык төш белгини тагынган. Бирок, көп өтпөй Жылгалбек Саматов сот аркылуу андан мандатын тартып алган эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ