Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Талгат Алановдун чек арадагы коррупция боюнча айткандарына укуктук баа бериле турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Т. Алановдун айткандарына укуктук баа берүү үчүн анын маалыматы Аскер прокуратурасына жөнөтүлөт. Ал өзү учурда кызматкер болгондуктан Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча, Аланов алгач чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына айтышы керек болчу. Анын айткан маалыматы чындыкка дал келбейт, себеби, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыккан.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-ноябрда Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек арага көзөмөл уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери Аланов журналисттерге интервью берип жатканда, «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү бекетиндеги коррупция бар экендигин билдирген. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, кызмат орундары акчага сатылаарын айткан.
Анын мындай билдирүүсүнөн кийин, дароо эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери журналисттерге жыйын өткөрүп, Алановдун айткандарын четке кагышкан. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин баса белгилеген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ