Menu

Фергана шаарында өтүп жаткан Эл аралык инвестициялык форумуна Кыргызстандан барган делегациялар катышып жатышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан  Республикасынын ортосундагы чек ара аймактык кызматташууну андан ары активдештирүү максатында, 2019 – жылдын 7 – августунда Фергана шаарында өтүп жаткан «Fergana International Investment Forum 2019» Эл аралык инвестициялык форумуна 54 адамдан турган курамдагы Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын делегацияларынын өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов катышып жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияларды Ош областынан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов, Баткен областынан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ж.Исакулов жана Жалал-Абад областынан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси И.Масабиров жетектеп келишти.

Ошондой эле, кыргыз делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар, алар иш чаранын алкагында өнөктөштөрү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана эки мамлекеттин чек ара аймагында жайгашкан областтарынын экономикасына инвестициялоо маселелерин активдүү талкуулап жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: