Фетхуллах Гүлендин тарапташтары Кыргызстанда төңкөрүш жасашы толук мүмкүн. Мындай пикирин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу СNN Тurk каналына берген маегинде билдирди. Министрдин айтымында “гүлнечилер” азыр Кыргызстанда терең тамыр жайып, мамлекеттик органдарга аралашып кетишкен.
“Эгер бул өлкөдө дагы бир төңкөрүш кайталанса, аны Гүлендин тарапташтары жасайт. Бул Кыргызстан үчүн эң чоң коркунуч”, – дейт Чавушоглу.
Эске салсак ушундай маанидеги билдирүүнү түрк тышкы иштер министри буга чейин дагы билдирген. Кыргыз тарап ага жооп кылып, Кыргызстан көз карандысыз өлкө караты ички иштерин өзү чечүүгө кудурети жете турганын айткан эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ