ЖКнын депутаты Алмамбек Шыкмаматовдун пикиринде, Конституцияны мыйзамдуу жол менен өзгөртүү мүмкүн. Депутат ушундай көз карашын жергиликтүү радиолордун бирине билдирип жатып, процедура бузуу жолу менен Башмыйзамды күчкө салып өзгөртүп койюу коркунучу бар экенин дагы жашырган жок. Айтымында бул колу-бутту байлагандай эле маселе. Мындай болсо Конституциянын кадыр-баркына шек келтирип, мыйзамдардын иштешине сокку урат. Демек Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн биринчи референдум жөнүндө мыйзам алынышы керек. Андыктан Шыкмаматов башкы мыйзамды өзгөртүүгө шымаланган ушул шашылуунун артында кандайдыр чоң оюндар жаткандыгынан шек санайт экен. Бирок, ачыгын айтьш керек, ал кандай оюн болушу мүмкүн экендигине депутат мырза ынанымдуу жооп кайтара албады. Болгону абал токтобой курчуй берсе парламент март айында таркай турганына көрөгөчтүк кыла салды.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ